Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Германия-Португалия беттешин көрүңүз

Бүгүн, 16-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 1-тур оюндарынын алкагында 3 оюн өтөт. 3 беттештин ичинен көп кызыгууну жараткан беттеш талашсыз түрдө Германия-Португалия беттеши экенин эске алып, бул оюндун тегерегинде тиешелүү маалыматтарды чогулттук. Андан тышкары оюндар тууралуу маалыматтарды да ала аласыз.

Германия Шумахер үчүн сюрприз даярдоо ниетинде. Германиянын чабуулчусу Лукас Подольски Дүйнө чемпиондугун утуу менен жаңы гана комадан чыккан автожарышчы Михаэль Шумахерди сүйүндүрүүнү көздөөдө. Анын айтымында, Германиянын футболдук кеңеши ага ден соолук каалайт.

Криштиану Роналду толук даяр. Буга чейин Криштиану Роналдунун жаракаты бар экени жана Германияга каршы беттеште майданга чыгары күмөн экени айтылган. Футболчу “мен бул беттешке даярмын” деген ишенимдүү оюн айтты.

Кайык менен 40 күн жол жүргөн Португалиянын күйөрманы. Португалиянын күйөрманы Рикардо Диниш 20 метр келген кайык менен Португалиянын Лиссабон шаарынан Бразилиянын Салвадор шаарына чейин сүзүп барды. Бүгүн, 16-июнда чет элдик басылмалар жазгандай, ашынган күйөрман 40 күн сарптап, Германия-Португалия беттешине жетишип калууга аракет кылган.

Оюндар:

“G” тайпасы

Оюн: ГЕРМАНИЯ-ПОРТУГАЛИЯ

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Салвадор шаары, “Фонте-Нова” стадиону

Калыс: Милорад Мажич (Сербия)

 

“F” тайпасы

Оюн: ИРАН – НИГЕРИЯ

Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Куритиба шаары, “Арена Байшада” стадиону  

Калыс: Карлос Вера (Эквадор)

 

“G” тайпасы

Оюн: ГАНА - АКШ

Башталышы: 04:00 (Бишкек сааты менен)

Стадион: Натал шаары, “Арена дас Дунас” стадиону  

Судья - Юнас Эрикссон (Швеция)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Msto005571
2014-06-16 18:04:15
кыргызстан качан ойнойт экен жазбапсынар го
0
Aisanat
2014-06-16 18:07:56
Кыргызтан жолдомо алган емес да. Значит ойнобойт.
0
Jiide.8792
2014-06-16 18:54:04
Кыргызстан адам заты Марс планетасына кете баштаганда катышып калар куда каласа!!!
-1
Bekzamann
2014-06-17 01:03:50
Jiide.8792, анда дагы барбайт откондо кордукго ишенген Азамат Байматов деген зверданар мультфильм оюн ойноп журсо кайда...
0
Beksultan01
2014-06-16 19:46:26
Окунучтуу, бизде НТС каналы тартпайт :-(
0
jigit.paren
2014-06-16 21:59:37
оо футбол башталды португалия алга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан