Айдана Оторбаева, футболчу: “Калыс дагы, ийгилик дагы Германия курама командасы тарапта болду”

16-июндан 17-июнга караган түнү Бразилияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 1-тур оюндарынын алкагында “G” тайпасында Германия-Португалия беттеши орун алып, 4:0 эсебинде аяктады. Португалияга күйөрмандык кылган кыргызстандык таланттуу футболчу кыз Айдана Оторбаева SUPER.KG порталына маек куруп, калыстын каталарына жана германиялыктардын жогорку сапаттагы оюнуна токтолду.

“Германия оюнду толук бойдон көзөмөлдөп, мыкты ойной алды. Ошол эле учурда ар 2 мүнөт сайын германиялыктардын пайдасына ышкырган калыстын катасын эске алыш керек. Туура эмес пенальти берип, оюнга терс таасирин тийгизди. Андан тышкары, менин оюмча, Пепеге кызыл айып кагазын бербеши керек болчу жана 1-голдогудай кырдаалда Германиянын дарбазасына пенальти коюп бериш керек эле. Оюндун чыңалып, футболчулардын катуу ойноосуна да анын түздөн-түз тиешеси бар. Себеби футбол майданында калыстын иши оюнчуларды канааттандырбаса, орой оюн башталат. Катталган жаракаттар да ушундан улам болду. Эч нерсе эмес, Португалия тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгүн жогото элек, сапарын андан ары уланта берет”,- деди футболчу кыз.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
shiroker
2014-06-17 01:03:51
ar kimge ar kanday birok Germanya Portugaliaga karaganda voopshe ele ku4tu oinodu.ii Pepe kachan jakshy oinodu ele,daiyma sary je kyzyl karta alat.
0
SHS
2014-06-17 01:42:39
Айдана Оторбаева ,Португалияnyn fanaty okwoisuz ee. Португалияga ayabai jan tartypsyz, men jana uibulom , dostorum Germaniyany koldoduk. Alga Germany.
+1
aiperi.1993
2014-06-17 03:10:38
Tuura aitasynar,Germany jakshy oinodu.Alga Germany!
+1
MAPAT.YAKUTSK
2014-06-17 07:00:16
пепе жакшы ойногону учун лига чемпионун утуп алыштыда
+2
Timon
2014-06-17 07:41:20
Kalys chyndygynda Germaniyaga tartyp koygonu bilinip kaldy....attin Portugaliya utpay kaldy birok aldynda dagy oyun bar kuto turaly..
0
Kara_kyrgyz
2014-06-17 08:56:51
Алга KYRGHYZSTAN ...
+1
aikol87
2014-06-17 10:58:21
Бир жылы чон энебиз калтырбай кором дедиле фудболду. Ошол эне дагы коруп жатат болду бекен.
0
Aisanat
2014-06-17 14:29:50
Пепе Муллерди колу менен турткону аз келгенсип кызууга алдырып кайра келип башы менен башка бир сузду го. Албетте мындай катачылык болбош керек. Калыс еч кандай тарткан жок. Кыргызстан бекен ал жер емне. Миллиондогон коз карап турса калыс кантип тартмак еле.
+1
Aisanat
2014-06-17 14:32:17
Муллер азамат уч гол киргизип германиялыктар учун баатыр болду. Роналдо кечке еле кыжыры келип атты го. Комндасындагыларга ачуусу билинип атты.
0
baha1985
2014-06-17 15:18:39
калыстык болбой калды кече пенальти германияга койгонсон кийин ошондой момент болду португалияга да койуп бериш керек эле ошондо тура болот эле
0
ishen
2014-06-17 16:37:01
Роналдо Пепе булар Сборныйда ойной алышпайт лиги чемпиондо эле кыйын болбосо. Сборныйда жакшы ойношсо мурунку жылдарда эле чемпионду алышпайт беле.
+1
Munar_6052
2014-06-17 21:41:22
Немистердин ойногону жакшы бирок эркекче ойношкон жок. Калыстарда немистерге жан тартып койду мулердин катындык сапаты жогору экен.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан