Бразилия, Дүйнө чемпиондугу: Германия Португалиянын дарбазасына 4 гол киргизип, жеңишти камсыздады (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун “G” тайпасынын алгачкы оюну орун алды. Голдордун көптүгү менен айырмаланган аалам биринчилигинде Германия менен Португалия да бул салтты бузган жок. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгү оюндун тагдырын толук чечип койду. Анткени германиялыктар 45 мүнөт ичинде 3 гол жарата алышты. Ошол эле учурда португалиялыктардын курамынан орой ойногондугу жана эреже бузгандыгы үчүн борбордук коргоочу Пепе 37-мүнөттө оюндан четтетилди.

Беттеште мелдештеги алгачкы хет-рик (1 оюнда киргизилген 3 гол) катталды. Германиянын чабуулчусу Томас Мюллер киргизилген 4 голдун үчөөнү өз эсебине жаза алды. Ошентип, Германия алгачкы 3 упайына ээ болуп, тайпадан биринчи болуп чыгууга олуттуу билдирме жасай алды.

ГЕРМАНИЯ-ПОРТУГАЛИЯ – 4:0

Голдор: Томас Мюллер (11-мүнөт, пенальтиден), Матс Хуммельс (32-мүнөт), Томас Мюллер (45-мүнөт), Томас Мюллер (78-мүнөт).  

 

Дүйнө чемпиондугу: Германия - Португалия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kara_kyrgyz
2014-06-17 09:10:56
кайран Роналдо!
0
nurando
2014-06-17 09:50:14
судя бузду маанай олду Роналдо алгаа
0
uluk_myrza1994
2014-06-17 14:45:33
Судьяга акчаны таштаган корунот Германия, кыйла эле тартып берди бирок Роналдонун ойногонун баалайм!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан