16-июндан 17-июнга караган түнү “F” жана “G” тайпаларында 1-тур оюндары өттү.
Бул күнү Германия курама командасы Португалиянын дарбазасына 4 гол киргизүү менен 3 упай алса, айыгышкан беттеште Гана атаандашы АКШга утулуп калды. Ал эми Азиянын өкүлү Иран менен Африканын өкүлү Нигериянын ортосундагы оюнда жеңүүчү аныкталган жок.
Оюндар:
“F” тайпасы
ИРАН - НИГЕРИЯ - 0:0.
“G” тайпасы
ГЕРМАНИЯ - ПОРТУГАЛИЯ - 4:0
Голдор: Мюллер (11-мүнөт, пенальти), Хуммельс (32-мүнөт), Мюллер (45-мүнөт), Мюллер (78-мүнөт).
ГАНА - АКШ – 1:2
Голдор: Демпси (1-мүнөт), Андре Айю (82-мүнөт), Брукс (86-мүнөт).