Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагынын көл жээгинде 14-июнда жайкы сезондун ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземин Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Көлбай Карасартов куттуктоо сөзү менен ачты. Бул тууралуу кечээ, 16-июнда Каракол шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала бекитилген программага ылайык, спорттук оюндар өткөрүлдү. Ага шаарыбыздын тургундары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ОИИБдин өкүлдөрү, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин командалары катышты.
Жыйынтыгында байгелүү орунга ээ болгон спортчулар Каракол шаардык мэриясы тарабынан даярдалган дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Кум үстүндө күрөш боюнча 60 килограммдык салмакта:
I орунга Шарипжанов Эрназар ээ болду.
II орунду Бекеев Азамат багындырса, ал эми III орунга Декебаев Алтынбек татыктуу болду.
Кум үстүндө күрөш боюнча 70 килограммдык салмакта:
I орун - Жекшеналиев Байдылда
II орун - Бейшеев Данияр
III орун - Масиев Элдос
Кыздар арасындагы волейбол боюнча:
I орун - “Каракол” командасы
II орун - “Ак-Суу” командасы
III орун - №14-мектеп
Эркектер арасындагы волейбол боюнча:
I орун - “Яшар” командасы
II орун - “Мэрия” командасы
III орун - “МТО” командасы
Ал эми финалдык беттешүүдө:
I орун - "Каракол" командасы
II орун - Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин командасы
III орун - Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин командасы