Элге Пеле деген лакап аты менен таанымал болгон бразилиялык футболчу Оранто Санчес до Насименту Сантус шаарында өзүнө арнап музей ачты. Ага футболчунун карьерасы менен байланышкан 2500дөн ашык буюм коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Мага чың ден соолук ыроологон Кудайга миң мертебе ыраазымын. Көп сүйлөгүм келбейт, болбосо ыйлап жиберем",- деген музейдин ачылышында сөз алган 73 жаштагы футболчу.
Маалыматка ылайык, музейдин ачылыш аземине бир канча министр катышкан. Ал эми өлкө башчысы Дилма Руссефф Пелеге видеокуттуктоосун жөнөткөн.