Эр эңиш боюнча Азиянын Ачык биринчилигинде кыргызстандыктар 3 медаль тагынышты

Эр эңиш боюнча Кыргызстан курама командасы 13-16-июнь аралыгында Астана шаарында өткөн Азиянын Ачык биринчилигинде командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда спорттук делегациянын башында турган Марат Аманкулов маалымат жыйынынын алкагында кабарлады.

Анын айтымында, мелдешке кыргызстандыктардан 3 спортчу аттанган. Натыйжада 70 килограмм салмакта Калыбек Бузурманкулов менен 90 килограмм салмакта эр эңишке түшкөн Күмүшбек Кыдыралиев 3-орунду камсыздашса, 90 килограммдан жогорку салмак категориясында Нурлан Молдокулов 2-орунду ээледи.  

Кошумчалай кетсек, мелдешке Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Түркия, Венгрия, Ооганстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Монголия курамалары катышкан. Мелдеште байгеге 1-орунга 10 миң доллар, 2-орунга 5 миң доллар, 3-орунга 3 миң доллар каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан