Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн майданга бразилиялыктар жана орусиялыктар чыгат

Бүгүн, 17-июнь түнү орун ала турган 2 оюн менен Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 1-тур оюндары жыйынтыкталат. Голго бай болуп жаткан Дүйнө чемпиондугунун алкагында европалык Бельгия Африканын өкүлү Алжир менен күч сынашат. Ал эми Орусия курама командасы Түштүк Кореянын футболчулары менен 3 упай үчүн кез келет.

Бүгүнкү күндүн башкы окуяларынын бири “А” тайпасынын өкүлдөрү Бразилия менен Мексиканын оюну болот. Бул командалар алгачкы оюндарын утуп алышкан. Балким, алардын бул оюну тайпадан биринчи болуп чыга турганын аныктайт.      

Оюндар:

“Н” тайпасы

Беттеш: БЕЛЬГИЯ – АЛЖИР

Сааты: 22:00 (Бишкек сааты)

Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону  

Калыс: Марко Родригес (Мексика)

 

“А” тайпасы

Беттеш: БРАЗИЛИЯ – МЕКСИКА

Сааты: 01:00 (Бишкек сааты)

Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону  

Калыс: Гүнейт Чакыр (Түркия)

 

“H” тайпасы

Беттеш: ОРУСИЯ – ТҮШТҮК КОРЕЯ

Сааты: 04:00 (Бишкек сааты)

Стадион: Куяба шаары, “Арена Пантанал” стадиону  

Калыс: Нестор Питана (Аргентина)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
AZIK01
2014-06-17 18:35:33
Бугун уйку жок экенда.
0
Sagy
2014-06-17 18:47:37
Орусия тытат го Кореяны))
Супер, кайсы каналдан корсок болот??
0
gulbara90
2014-06-17 19:11:18
нтс каналынан
0
Jiide.8792
2014-06-17 20:06:26
Ктр
-1
jigit.paren
2014-06-17 21:00:27
ктрде болбойт болсо жакшы болмок. Россия алга!
0
aza.kg007
2014-06-18 00:46:50
Даа алга россия
-1
92nuraaly
2014-06-18 02:33:44
Россия женсе керек.
-1
Sharos
2014-06-18 02:34:51
Корея айрып таштайт 100%
+1
daniyar93
2014-06-18 02:37:49
мен Орустарга балет этем
-1
Sharos
2014-06-18 02:45:29
Бразилия кыйналып жатат ута албай мексиканы
0
Bella-life
2014-06-18 05:50:38
Корея 1-1 Россия
0
ayakosya
2014-06-18 11:37:54
Россия жениш керек эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан