Мирлан Эшенов учурда футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лигада ойногон канттык “Абдыш-Ата” клубунун, 21 жашка чейинки Кыргызстан курамасынын машыктыруучусу. Ошондой эле Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусунун милдетин аткарып келет. Футбол адиси SUPER.KG порталына курган маегинде көпчүлүк катары эле Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугуна көз салып, Аргентина жана Италия курамаларына жан тартып жатканын билдирди.
- Мирлан мырза, футбол боюнча машыктыруучу экениңизди эске алуу менен Дүйнө чемпиондугун көрүп жатканыңызды болжоого болот. Качантан бери көрөсүз?
- Ооба, Дүйнө чемпиондугун көрүп жатам. Негизи, 1998-жылдан тарта эле аалам биринчилигин калтырбай көрүп келем. Футбол адистери мелдештерди көрүп, АФКга (Азиянын Футбол конфедерациясы) отчёт берип турушат. Ошол себептүү кайсы команда жаңы ыкмада ойноп, жогорку сапаттагы оюн көрсөтүп жатканынан кабар алып турушубуз керек. Мисалы, быйыл Бразилияда толук бойдон ачык футбол ойнолуп жатат. Кирген голдордун саны да ошол себептүү арбын.
- Жакшы экен. Анда айтып өтсөңүз, “Бразилия-2014” мелдешинде кайсы команданы ачылыш кылып жатат дейт элеңиз?
- Колумбия курама командасы менен Иранды бөлүп карайт элем. Колумбия Европанын өкүлү Грецияны ири эсепте утту. Ал эми футбол жетиштүү деңгээлде өнүгө элек болгон Азия чөлкөмүнөн чыккан Иран Африканын мыкты делген командаларынын бири Нигерия менен тең эсепте ойноп, таң калтырды. Мен оюндун баарын көрбөйм, тиешеси барларына гана назар салам. Мисалы, келечекте биз Иран сыяктуу Дүйнө чемпиондугуна чыгып калышыбыз мүмкүн. Андыктан азиялык командалардын оюнуна көз сала жүрүш керек.
- Кайсы командага күйөрмандык кылып жатасыз? Себебин түшүндүрө кетсеңиз...
- Мен Аргентина менен Италия курама командасына жан тартып жатам. Италия өзүнүн коргонуусунун бекемдиги менен жана күчтүү курамы менен айырмаланат. Ал эми Лионель Месси баштаган Аргентина көп убакыттан бери бул финалга чыга элек. Андыктан өз континентинде өтүп жаткан мелдеште Месси жана анын тегерегиндеги футболчулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк бар. Жалпы мелдештин фавориттери тууралуу айтсам, Испания, Голландия, Германия курамаларында чемпиондук үчүн мүмкүнчүлүк бар.
- Ал эми "Мыкты бомбардир ким болот?" деген суроого кандай жооп узатасыз?
- Мен машыктыруучу катары тарыхты көп карайм. Ошону эске алып, Томас Мюллердин башкы бомбардир болуусун каалайт элем. Ал 2010-жылы ЮАРда өткөн Дүйнө чемпиондугунда жаш экенине карабай уругвайлык Диего Форлан сыяктуу эле 5 гол киргизген. Бул жолу да ал мелдешти ийгиликтүү баштады.
- Дүйнө чемпиондугундагы Бразилия-Хорватия беттешинде япониялык калыс жок жерден пенальти берди. Ал көпчүлүк ойлогондой Бразилияга тартып жаттыбы?
- Менин оюмча, "Бразилияга тартты" деген кеп туура эмес. Ачылыш оюнунда Түштүк Америка менен Европанын күчтүү командалары беттешти. Калыс болсо Азиянын өкүлү. Оюн жогорку ылдамдыкта болду. Байкасаңыздар, ал андан башка да көп ката кетирди. Андыктан япониялык калыс бул оюнда калыстык кылганга даяр эмес болчу, бул оюн анын деңгээли эмес эле. Эми ал мындан кийинки оюндарды тейлебейт. Мен өзүбүздүн калыс Бахадыр Кочкаровго жана башкы калыс Равшан Ирматовго ийгилик каалайм. Алар мүмкүн болушунча жарым финал, финалдагы беттештерге чейин жетсе жакшы болмок.