Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бельгия атаандашы Алжирге 1:0 эсебинде утулуп жатып, акыркы 20 мүнөттө жеңишти илип кетти

17-июнда “Н” тайпасындагы алгачкы оюн өттү. Анда Бельгия курама командасы Алжирге утулуп жатып, оюндун акыркы 20 мүнөтүндө жеңишти илип кетти. Африкалык команда оюндун алгачкы 45 мүнөттүгүндө өзүнүн мыкты оюнун көргөздү. Бирок экинчи 45 мүнөттүктө алар чарчап, демилгени каршылаш командага өткөрүп бергендей таасир калтырышты. Ошентип, 3 упай ээси аныкталып, Бельгия тайпадан чыгууга алгачкы кадамын жасай алды.

БЕЛЬГИЯ – АЛЖИР – 2:1

Голдор: Фегули (25-мүнөттө, пенальтиден), Феллаини (70-мүнөттө), Мертенс (80-мүнөттө). 
Бразилиядагы дүйнө чемпиондугу: Бельгия- Алжир
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан