17-июнда Бишкекте кыргызстандык кикбоксчу Алексей Федосеев профессионалдар арасында WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш өткөрүп, жеңишке жетишти. 63 килограмм салмак категориясында өткөн тиреште анын атаандашы бразилиялык Эмерсон Фалькао болду.
Бул күн концерттик программа жана рейтингдик беттештер менен коштолду. Күндүн негизги беттешинде күйөрмандар 5-раунддук беттешти көрө алышты. 1 раундга бөлүнгөн убакыт 3 мүнөттү түздү. Жыйынтыгында жердешибиз чемпиондук курду тагынып, чоң спортко кайрадан ийгиликтүү кайтып келди.