Бүгүн футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Алай” менен “Дордой” беттешет

Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында Ош шаарында жергиликтүү “Алай” бишкектик “Дордойду” кабыл алат. Ал эми куршабдык “Алдиер” бул күнү нарындык “Ала-Тоо” клубу менен кез келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты маалымдады. 

Оюндар:

“Алай” (Ош) – “Дордой” (Бишкек)

Башталышы: 18:00

Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион

 

“Алдиер” (Куршаб) – “Ала-Тоо” (Нарын)

Башталышы: 18:00

Стадион: Куршаб айылы, борбордук стадион

Кошумчалай кетсек, ТОП-Лигада “Дордой” 10 оюнда топтогон 25 упайы менен лидерлик сапта келүүдө. “Алай” бул сезондо 6 оюнда 12 упай топтоп, мелдеш жадыбалында 4-орунду ээлеп келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан