Ошто түштүк аймагындагы тиш дарыгерлеринин башын бириктирген спорттук мелдеш өтөт

21-июнда тиш доктурларынын арасында түштүк аймагы боюнча футбол, шахмат, ошондой эле кыз-келиндер жана эркектер арасында волейбол боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Садыков билдирди.

Биз Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын, ошондой эле Ош шаарынын тиш дарыгерлеринин арасында мелдеш өткөрүүнү пландаганбыз. Эртең саат 10:00дө катышуучулардын тизмеси чыгат. Ким кайсы аймактан катышары анык болот”,- деди ал.  

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер тапшырылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан