Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында Голландия курамасы менен Австралия кез келип, кызыктуу беттеш тартуулап беришти. Бул оюнда күйөрмандар жалпысынан 5 гол көрүштү. Алгачкы оюнда Испания курама командасын 5:1 эсебинде утуп, бир топ ишенимдүү оюн алып барып калган Голландия бул жолу жеңишке оңой жете алган жок.
Ошентип, Голландия курамасы 3 упай алып, тайпадан мөөнөтүнөн мурда чыгууну камсыздады. Ал эми экинчи ирет Австралия курама командасы акыркы оюнун Дүйнө чемпиону Испанияга каршы ойноп алып үйүн көздөй аттанат.
Кошумчалай кетсек, бул командалардын тайпалык баскычтагы акыркы тур оюндары Робин ван Перси (Голландия) жана Тим Кэхиллсиз (Австралия) өтөт. Себеби алар эреже бузуп, калыс тарабынан сары эскертүү кагазын алып калышты.
Голдор: Арьен Роббен (20-мүнөт), Тим Кэхилл (21-мүнөт), Единак (54-мүнөт, пенальти), Робин ван Перси (57-мүнөт), Мемфис Депай (68-мүнөт).