Азамат Байматов, футболчу: “Испания атаандаштарын теңине албаганынан улам утулду”

Социалдык тармактарда учурдагы Дүйнө чемпиону Испаниянын Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда тайпадан чыкпай калганы тууралуу талкуулар кызый баштады. Биринчиликке күбө болуп жаткан Кыргызстан курама командасынын жана “Дордой” футболдук клубунун оюнчусу Азамат Байматов Испания-Чили беттеши бүтөр замат SUPER.KG порталына маек курду. Маектин жүрүшүндө ал испаниялыктар өзүнүн мурунку футболун көргөзбөгөнүн жана ал үчүн Испаниянын утулганы кадимки көрүнүш болуп калганын айтты.

- Азамат, футболчу катары Испаниянын утулганынын себеби сизге көбүрөөк түшүнүктүү болсо керек...

- Испаниянын утулганы мен үчүн жаңылык болгон жок. Себеби мелдештин 1-турунда деле биз Испаниянын оюнун көрө алган жокпуз. Мунун себеби, менин оюмча, атаандаш командаларды теңсинбегенинен, өзүлөрүн жогору сезгендеринен улам болду. Футболдо майда каталар болбош керек. Бул жерде көп каталарга орун берилди. Оюнчулардын жеңишке болгон күчтүү каалоосу жок болду. Өз оюнун такыр ойногон жок. Кыскасы, Испаниянын мыкты оюн көрсөтө албасы 2013-жылдагы Конфедерациялар Кубогунда утулганынан кийин эле байкалган. 2010-жылы Дүйнө чемпиондугун уткан оюнчулар бул жолу мелдешке салкын мамиле кылышты. Оюнчулар алмашып, жаңы команда түзүлүшү керек.

- Чилинин оюнуна кандай баа бердиңиз?

- Чилинин оюну жакшы болду. Алардын жеңишке жетишүүнү катуу каалаганы байкалды. Жеңиш да ошол каалоонун артынан келди. 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунда да бул командалар бир тайпада болгон. Анда Испания 2:1 эсебинде уткан. Мына, 4 жыл өттү. Хави-Иньеста байланышы ишке ашпай калды. Чилинин оюнчулары күчтөнүштү. Эми гана ошол оюндун реваншын алышты десем болот. Негизи, Чили деле башка Түштүк Американын командалары сыяктуу эле чемпиондукка башкы талапкерлердин бири.

- Чемпиондукка талапкер деп калдыңыз, сиздин оюңузча, ким чемпион болот? Кимге күйөрмандык кылып жатасыз?

- Мен эч бир командага күйөрмандык кылган жокмун. Португалиянын оюнун карап жатам, Криштиану Роналду азырынча команданын ичиндеги кемчиликтерден улам өз оюнун көрсөтө албай жатат. Бара-бара Португалия да татыктуу оюнун көрсөтөт деп ойлойм. Ал эми божомолумду айтсам, Германия чемпион болот. Негизи эле мелдеште бардык командалар футболду мыкты өздөштүргөн. Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда Коста-Рика Уругвайды утуп алгандан кийин бул мелдеште баары мүмкүн экенин билдим. Бул жерде бардык командаларда 1 гана чемпион болуу деген максат бар. Андыктан алдыда мыкты оюндарга гана күбө болобуз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sagy
2014-06-19 07:25:39
Уктап калганыма окунуп жатам)
0
ayakosya
2014-06-19 07:56:08
Азамат байкеге 120% кошулам. Испандар башынан эле оюн корсото алган жок. Ал эми Чили мындай абалды туура пайдаланып коздогон максатына жетти.
0
jigit.paren
2014-06-19 08:01:41
испанияга жан тартам дедин эле го. Испандардын доору бутту, эхх.
0
nurando
2014-06-19 10:28:39
Португалия
0
aselchen
2014-06-19 11:47:32
Germaniya
0
universal
2014-06-19 13:37:38
Менин оюмча Италия
0
muslim7
2014-06-19 14:47:55
кубокту утуш бардык командалардын максаты эмес. Бироо бар ал Россия. Озжору айткандай,алар Бразилияга жолдомо алды. ошол жетет аларга.
0
NurbekKG
2014-06-19 21:09:04
Мен Нидерландынын чемпион болушуна көбүрөөк ишенемин, алар 2010-жылы да татыктуу оюн көрсөтүшкөн. Ал эми Германия, Италия, Аргентина, Франция сыяктуу өлкөлөрдө да мүмкүнчүлүк бар азырынча
0
bekbolot-NOOKAT
2014-06-20 03:09:04
кыгызстаным болот чемпион!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан