Кечээ, 18-июнда футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында Ош шаарында “Алай” менен бишкектик “Дордой” беттешип, 3:1 эсебинде коноктор жеңип чыгышты. Ага катар өткөн “Алдиер”-“Ала-Тоо” беттешинде жалгыз гол катталып, куршабдыктар жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты маалымдады.
Оюндар:
“Алай” (Ош) - “Дордой” (Бишкек) – 1:3
“Алдиер” (Куршаб) – “Ала-Тоо” (Нарын) – 1:0
Кошумчалай кетсек, ТОП-Лигада “Дордой” 11 оюнда топтогон упайларын 28ге жеткирип, мелдеш жадыбалынын башкы сабында ысымын жаздырып келүүдө.