Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн алгачкы оюндарында уттурган Англия менен Уругвай беттешет

“С” тайпасы. 2-тур

КОЛУМБИЯ - КОТ-Д`ИВУАР

Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Бразилиа шаары, “Улуттук” стадиону

Калыс: Ховард Уэбб (Англия)

 

Колумбия менен Кот-Д`Ивуардын ортосундагы беттеш тайпада чоң мааниге ээ. Бул эки команда тең алгачкы оюндарында жеңишке жетишкен. Колумбия жаракат алып, курамга кирбей калган чыгаан оюнчусу Радамель Фалькаосуз да жакшы оюн көрсөтүүдө. Ал эми африкалыктардын курамынан өткөн оюнда Дидье Дрогба башкы курамга чыккан эмес. Анын ордуна чыккан Вилфрид Бони 1-турда гол киргизип, машыктыруучунун ишенимине кирди. Демек, Дрогба бул жолу да оюнга “шашпай” кириши мүмкүн.   

 “D” тайпасы. 2-тур

УРУГВАЙ – АНГЛИЯ

Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Сан-Паулу шаары, “Арена Коринтианс” стадиону  

Калыс: Карлос Веласко Карбальо (Испания)

 

Уругвай 1-турда Коста-Рикага, Англия атаандашы Италияга жеңилген. 2 жеңилүү команданын мелдештен чыгып калуусуна алып келет. Демек, бүгүн бул 2 команданын бири менен коштошобуз. Дээрлик жарым кылымдан бери күйөрмандарын сүйүнтө элек Англия курамасы бул оюнда утулса, мелдеш менен коштошот. Тең чыгуу да оң таасир бербейт. Ал эми алгачкы оюнда оңой жеңилип, тиешелүү сабагын алган уругвайлыктар бул күнү да жер карап кетүүгө макул эмес. Команданын катарына өткөн оюнда ойнобой калган Луис Суарес кошулуп, Уругвайдын чабуулуна күч кошот. Уругвайлыктардын курамынан капитан Диего Лугано жаракатынан улам бүгүн ойной албасын кошумчалай кетели.

“С” тайпасы. 2-тур

ЯПОНИЯ - ГРЕЦИЯ

Башталышы: 04:00 (Бишкек сааты боюнча)

Стадион: Натал шаары, “Арена дас Дунас” стадиону

Калыс: Хоэль Агилар (Салвадор)

 

1-тур оюндарынын алкагында Япония африкалык Кот-Д`Ивуарды 1:0 эсебинде утуп жатып жеңишти колунан жулдуруп жиберген. Ал эми Греция Түштүк Американын өкүлү Колумбиянын мыкты оюнунун алдында оңой гана жеңилип, өз мүнөзүн көргөзө алган эмес. 1-турда ийгиликке жетишпей калган командалар тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүктөрүн жогото элек. Билсеңиздер, бул тайпа Дүйнө чемпиондугунун эң жөнөкөй тайпасы катары бааланып келет. Бирок жөнөкөй тайпада жөнөкөй оюндардын болбосун биз 1-турда көрө алганбыз. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2014-06-20 11:57:55
Erik_83, Саламатсызбы!
Дагы бир ирет текшерилди, баары туура. Кайсыл жактан катачылык кеткенин толук жазып койсоңуз. Балким сиз туура эмес эсептеп алгандырсыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан