Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Маалым болгондой, аталган факультеттин студенти милицияга кайрылган. Анда ал жугуштуу оорулар боюнча сабак берген окутуучу 10 студенттен жакшы баа коюп берүү үчүн 12 миң сом акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, аталган мугалим 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда "мыйзамсыз сыйлык алуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.