“С” тайпасынын башкы беттеши болгон Колумбия-Кот-Д`Ивуар беттеши жыйынтыкталды. 19-июнда орун алган акыркы беттеш Колумбиянын жеңиши менен аяктап, анын бул тайпадан чыгуусун камсыздады. Ошентип, Колумбия тайпадан чыгууну камсыздаган үчүнчү түштүк америкалык команда болду. Кошумчалай кетсек, буга чейин топтогон упайларынын негизинде Бразилия менен Чили тайпадан чыгууну ийгиликтүү ишке ашырышкан.
Оюнга келсек, Африка менен Түштүк Американын командаларынын ортосундагы беттеш жогорку ылдамдыкта өттү. Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгүндө кооптуу кырдаалдар катталганы менен, топ дарбазадан орун алган жок. Оюндун 64-мүнөтүндө гана Хамес Родригес бурчтан чыгарылып берилген топту дабазага таамай багыттады. 6 мүнөттөн кийин колумбиялыктардын каршы чабуулу ийгиликтүү чыгып, оюндагы экинчи гол жаралды. Жоопту көпкө күттүрбөгөн Африканын өкүлдөрү 3 мүнөттөн соң үн катышты. Оюндун калган бөлүгүндө мыкты оюн катталды, болгону гол катталган жок.
Голдор: Хамес Родригес (64-мүнөттө), Хуан Кинтеро (70-мүнөттө), Жервиньо (73-мүнөттө).