Бразилиянын Сан-Паулу шаарындагы “Арена Коринтианс” стадиону 19-июндан 20-июнга караган түнү “D” тайпасындагы Уругвай менен Англиянын беттешин кабыл алды. Беттеш 2:1 эсебинде уругвайлыктардын пайдасына чечилип, команда 3 упай ээси болду.
Өткөн оюнда жаракатынан улам ойнобогон Луис Суарес бул оюнда Уругвайдын башкы курамында майданга чыкты. Ал алгачкы 45 мүнөттүктө айырмаланып, командасын алдыга чыгарды. Оюндун кийинки жарымында Дүйнө чемпиондуктарында жалпысынан онунчу оюнун өткөрүп жаткан англиялык Уэйн Руни өзүнүн аалам биринчиликтериндеги алгачкы голун киргизип, эсепти теңеди. Оюндун бүтөрүнө саналуу гана мүнөттөр калганда Луис Суарес командасын кайрадан алдыга чыгарды. Жалпысынан оюн бир команданын көзөмөлүндө болду деп айтуу кыйын. Эки команда тең өз оюнун ойноп, кооптуу кырдаалдарды түзүп жатышты. Мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу менен гана Уругвай жеңиш ээси болду.
Голдор: Суарес (39-мүнөт), Руни (75-мүнөт), Суарес (85-мүнөт).