Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын айынан 8 адам жаракат алып, орусиялык жаран каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Токтогул районунда 2014-жылдын 19-июнь күнү саат 18:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 234-чакырымында жол кырсыгы катталды. Орусиялык жаран башкарып келе жаткан 8 орундуу унаа башкаруудан чыгып, жолдун боюнда токтоп турган Рено жүк ташуучу унаасын сүзүп алган. Жол кырсыктын кесепетинен 8 орундуу унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Мындан сырткары аталган унаадагы 8 жүргүнчү жеңил жаракат алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышып, унаадан каза болгон айдоочунун жансыз денесин чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.