Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында “С” тайпасында Япония менен Греция кез келип, 0:0 эсебинде тең ойношту. Бул тайпада Колумбия 6 упай менен тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Тайпадан чыга турган экинчи команда 3-тур оюндарынын алкагында белгилүү болот. Анда карамагында 1 гана упай бар Япония Колумбияга каршы турат. Ал эми Греция Кот-Д`Ивуар менен кез келет.
Акыркы жыйынтыктар:
“С” тайпасы. 2-тур
ЯПОНИЯ – ГРЕЦИЯ – 0:0
КОЛУМБИЯ - КОТ-Д`ИВУАР – 2:1
“D” тайпасы. 2-тур
УРУГВАЙ – АНГЛИЯ – 2:1