Бүгүн, 20-июндан 21-июнга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында 3 оюн орун алат. Алгач “D” тайпасынан Италия менен Коста-Рика майданга чыкса, андан кийин “Е” тайпасында Швейцария менен Франция кез келет. Ал эми таңга маал Гондурас менен Эквадордун оюнун көрүүгө болот.
“D” тайпасы. 2-тур
ИТАЛИЯ - КОСТА-РИКА
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Ресифи шаары, “Арена Пернамбуку” стадиону
Калыс: Энрике Оссес (Чили)
Италия бул тайпадагы эң күчтүү команда экени мелдеш башында айтылган. Ал учурда катардагы команда катары бааланган Коста-Рика 1-турда Уругвайды уткан соң гана коомчулуктун оюн өзгөрттү. Команданын карамагында учурда үчтөн упай бар жана тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Көпчүлүк болжогондой, Италия тайпадан чыгуу маселесин ушул оюнда чечет. Бирок 4,5 миллион калкы бар Коста-Рика мамлекетинин өкүлдөрү кезектеги сюрпризди камдабайт деген кепилдик жок.
“Е” тайпасы. 2-тур
ШВЕЙЦАРИЯ - ФРАНЦИЯ
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Салвадор шаары, “Фонте-Нова” стадиону
Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия)
Швейцария алгачкы турда Эквадорду, Франция Гондурасты утуп, үчтөн упай алышкан. Бул эки команда тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн акыркы күчү калганга чейин кармашышат. Албетте, тайпадан 2-орунду ээлеп чыгып, мелдештин “плеф-офф” баскычында “F” тайпасынын өкүлү Аргентина менен беттешүүнү бул эки команда тең каалабаса керек.
ГОНДУРАС - ЭКВАДОР
Башталышы: 04:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Куритиба шаары, “Арена Байшада” стадиону
Калыс: Бенжамин Уильямс (Австралия)
Гондурас бул оюнда мелдештеги алгачкы голун киргизүү аракетин көрөт. Ал эми 1-турда Швейцарияга акыркы мүнөттөрдө уттуруп жиберген Эквадор тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү үчүн кармашып, упай алууга аракет көрөт.