Алмаз Мирзалиев, футболчу: “Аргентинанын Месси, Агуэро, ди Мария үчилтиги жыйынтык көрсөтүшү керек”

Футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын 2013-жылдагы сезонунун мыкты бомбардири, Оштун “Алай” футболдук клубунун чабуулчусу Алмаз Мирзалиев SUPER.KG порталы менен маек куруп, Дүйнө чемпиондугу тууралуу ой бөлүштү.

“Мен 1994-жылдан тарта футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун көрүп баштагам. Көп убакыттан бери Аргентина курама командасына күйөрмандык кылам. Мелдеште Месси, Агуэро жана Анхель ди Мариядан турган үчилтик жыйынтыгын берчү мезгил келди”,- дейт ал.

Алмаз мелдештеги башкы талапкерлердин катарына Германия, Голландия, Бразилия курама командаларын кошту. Андан тышкары Кот-Д`Ивуар командасынын чабуулчусу Дидье Дрогбанын оюнун баалаган А.Мирзалиев бул курамдын да оюнун баалады. “Ивуарлыктарда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Дидье Дрогбанын оюнга башкы курамда чыкпаганы өкүнүчтүү. Балким, 1-мүнөттөн баштап ойносо жыйынтык көргөзмөк”,- деди футболчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Melis_neymar
2014-06-22 01:09:35
мм жакшы
0
Egen.Osh
2014-06-22 01:54:04
Месси,Агуэро,Ди Мария,Игуаин тортоо чыкканда ойлогом азыр Иранды жеп эле алышат деп,тилекке каршы андай болбой,акыркы минутта Мессинин голу менен аран женишке жетишти!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан