Бразилиядагы мелдеш барган сайын кызып барат. Футбол адистеринин айткан ойлору дал келбей калган учурлар көбөйүүдө. “D” тайпасында эң алсыз команда деп бааланганына карабай 1-турда Уругвайды утуп алган Коста-Рика ошол жеңиштин кокустук эмес экенин далилдеди. Бул жолу алардын курмандыгы Италия курамасы болду. Оюн 1:0 эсебинде 4,5 миллион калкы бар Коста-Риканын жеңиши менен аяктады.
Италия – Коста-Рика беттеши курч мүнөздө башталды. Албетте, каршы чабуулду мыкты өздөштүргөн Италия оюн башынан эле атаандаштарынын катасынан пайдаланып, ыңгайлуу мүмкүнчүлүк табуу аракетин көрүп жатты. Бирок оюнду канчалык курчутушпасын, италиялыктар андан да курч жооп алып жатышты. Калыс 40-мүнөттөн кийин 11 метрлик айып соккусун берүүдөн тартынып, коста-рикалыктардын кыжырын кайнатты. Бирок бул кырдаал көпкө узаган жок. 1-тайм бүтөр маалында Коста-Рика ыңгайлуу мүмкүнчүлүк таап, гол жарата алды.
Бул жеңиш менен Коста-Рика “D” тайпасында 3-турда ойной турган Италия жана Уругвай курамаларынын ортосуна от эмес, чоң жалын тутанткандай болду. Себеби карамагындагы 6 упай менен тайпадан чыгып кеткен бул команданын артында үчтөн упай топтогон Уругвай менен Италия калды. Англия болсо 3-турда Коста-Рикага каршы ойнойт. Балким, утат. Бирок ал жеңиш британиялыктардын көңүлүн сергиткенден башка эч нерсе бербейт. Себеби Италиянын жеңишин аябай каалаган англиялыктар эки оюнда уттуруп, упай ала албаган бойдон мелдештен четтеп калышты.
Гол: Брайан Руиз (45-мүнөттө)