20-июндан 21-июнга караган түнү Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында "Е" тайпасында Гондурас менен Эквадор кез келди.
Гондурас алгачкы оюнда Францияга ири эсепте уттуруп жиберген (3:0). Ал эми Эквадор болсо Швейцарияга каршы болгон оюнда акыркы мүнөттөрдө гол өткөрүп, жеңилип калган (2:1). Бул турда эки команда тең мыкты ойной алышты. Гондурас утулганына карабай атаандашына азуусун көрсөтө алса, Эквадор алгачкы 3 упайына ээ болду. Эквадорлуктар эми 3-турда Францияга каршы ойноп, тайпадан чыгуу бактыларын дагы бир жолу текшерет.
Бул жолку оюндун башкы каарманы 25 жаштагы чабуулчу Эннер Валенсия болду. Эквадорду ал утулуп жаткан жеринен өз голдору менен алдыга алып чыгып, жеңиш алып берди.
Гондурас-Эквадор – 1:2
Голдор: Костли (31-мүнөттө), Э.Валенсия (34-мүнөттө), Э.Валенсия (65-мүнөттө).