Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында бүгүн, 21-июнда “G” жана “F” тайпаларында беттештер орун алат. Төмөндө оюндар тууралуу маалыматтар жана командалардын ортосунда көңүл бурула турган жагдайлар камтылган.
“F” тайпасы. 2-тур.
АРГЕНТИНА - ИРАН
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Белу-Оризонти шаары, “Минейран” стадиону
Калыс: Милорад Мажич (Сербия)
Аргентина бул беттеште жеңишке талапкер экени талашсыз. Бирок Ирандын 1-турда Нигерияга каршы өткөргөн мыкты оюнун да эске алыш керек. Учурда Аргентина карамагындагы 3 упай менен тайпада биринчи орунду ээлеп келүүдө. Ал эми 1 ирет тең чыккан Иранда жалгыз упай бар.
"G" тайпасы. 2-тур.
ГЕРМАНИЯ – ГАНА
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Форталеза шаары, “Кастелан” стадиону
Калыс: Сандро Риччи (Бразилия)
Германия 1-тур оюндарынын алкагында Португалияны 4:0 эсебинде утуп, мелдеште фаворит экенин көрсөткөн. Фавориттер бул жолу Африканын өкүлүнө каршы ойноп, өз дареметин дагы бир ирет текшермекчи. Көңүл мелдеште бомбардирлердин катарын толуктап келаткан Томас Мюллер менен Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында мыкты бомбардир болоруна 2 гана голу калган Мирослав Клозеге бурулат.
“F” тайпасы. 2-тур.
НИГЕРИЯ – БОСНИЯ
Башталышы: 04:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Куяба шаары, “Арена Пантанал” стадиону
Калыс: Питер О`Лири (Жаңы Зеландия)
Нигерия менен Босния тайпадан чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ жана бул оюн командалар үчүн өтө баалуу. Бул эки команда өз оюндарын жеңгенге аракет кылышат жана ошол эле учурда Ирандын Аргентинага жеңилүүсүнө үмүт артышат.