Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндары орун алууда. 21-июндан 22-июнга караган түнү алгачкылардан болуп “F” тайпасында Аргентина менен Иран майданга чыкты. Беттештин жүрүшүн баштан-аяк аргентиналыктар көзөмөлдөштү. Ирандын оюнчулары толук бойдон коргонууга тизилип, ыңгайы келгенде гана чабуулга чыгып жатышты. Ал ортодо кооптуу кырдаалдарды түзүүгө жетишишти. Чеберчилик, ылдамдык бул оюнда өз ишин кылды. Оюндун негизги убактысына кошулуп берилген 3 мүнөттүн ичинде аргентиналыктардын лидери Лионель Месси алыстан сокку узатып, жеңиш голун киргизе алды.
Бул жеңиш менен Аргентина 6 упай чогултуп, бул тайпадан кийинки баскычка чыккан алгачкы команда болду. Ал эми бул оюнда эч болбосо тең чыгууну көздөгөн азиялыктар 1 упай менен калышты.
Гол: Лионель Месси (90+1)