Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Германия менен Гана "кандуу" кармашта 2:2 эсебинде тең чыгышты

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу кызыктарды тартуулоону улантууда. 21-июндан 22-июнга караган түнү Германия менен Гана бул мелдеш алкагындагы мыкты оюндардын бирин тартуулап беришти. Жыйынтыгында 2:2 эсебинде тең чыгуу катталып, командалар жеңиш ээсин аныктай алышкан жок. Эки команда тең өз кезегинде курч чабуулдарды уюштуруп, тиешелүү жыйынтыктарды алып жатышты. Алгач германиялыктар Марио Гётценин голу менен алдыга чыгышты. Ал эми Африканын өкүлдөрү жооп катары 2 гол каршы дарбазага таамай багыттай алышты. Оюн эсебин теңөөнү оюнга жаңы кирген Мирослав Клозе ишке ашырды. Жалпысынан 90 мүнөт бою кагылышуулар, алыстан узатылган соккулар болду. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө команданын мыкты бомбардири Томас Мюллер коргоочулар менен абада топ үчүн күрөштө катуу кагылышууга туш болду. Бетинен кан кеткен футболчунун абалын билүүгө оюнчулар чуркаган маалда калыстын акыркы ышкырыгы жаңырып, оюн аяктады. Керек болсо канын аябай кармашкан оюнчулар бул жолу жеңиш даамын тата алышкан жок. Ошентип, бул тайпада негизги күрөш 3-тур оюндарына калтырылды.

Голдор: Марио Гётце (51-мүнөттө), Андре Айю (54-мүнөттө), Асамоа Гьян (63-мүнөттө), Мирослав Клозе (71-мүнөттө). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
lolalola
2014-06-22 03:31:02
ai ai ai Deutschland uta algan jok...
0
doni89
2014-06-22 05:08:14
Германия соонун оюн коргозду бирок утуш керекледа )))
0
rukopaWnik
2014-06-22 08:57:32
туура эле айтылган сөз ,өлүмгө чейин күрөшөт бул оюндарда ,криштиано роналду айтмакчы жанымды да бергенге даярмын португалия үчүн акырына чейин күрөшөм дегендей ,бул өлүмгө тең барабар.
-1
Aisanat
2014-06-22 14:07:09
Германия утуш керек еле бирок кечее уктап жаткандай еле журушту.
0
KUMU89
2014-06-22 14:41:40
Miulerge yaman bolupturgo?.
0
admin_portal
2014-06-23 08:53:42
moinok, baktiyar73, mi-li-na - эскертүү!
Кабарда "кандуу" деген сөз тырмакчага алынган. Ал сөздүн түз маанисин эмес өтмө маанисин берип турат.
Дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан