Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Босния атаандашы Нигерияга уттуруп, кийинки баскычка чыкпай калды

21-июндан 22-июнга караган түнү “F” тайпасында Босния курама командасы Нигерияга каршы оюнда 1:0 эсебинде уттуруп жиберди. 1-тур оюндарында Аргентинага утулган Босния бул жеңилүү менен мелдештин кийинки баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды. Азырынча бул тайпада Аргентина курамасы карамагындагы 6 упай менен лидерлик сапта келүүдө. Кийинки орунга 1 тең чыгуу жана 1 жеңиш ээси Нигерия 4 упай менен жайгашса, Иран курамасы 1 упай менен 3-орунду ээлеп турат. 3-тур оюндары кийинки баскыч ээлерин аныктап берет. Аргентинанын артынан кийинки баскычка чыгууга, албетте, Нигерия жакын. Бирок анын 3-турда Нигерияга каршы ойноорун эске алсак, Иран да аз да болсо мүмкүнчүлүк ээси болуп саналат.

Гол: Питер Одемвингие (29-мүнөттө) 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
burger
2014-06-23 04:03:19
Байкуш Босниялыктар мечитте намаз окуп катуу даярданып жатышкан эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан