Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндарынын алкагында “Н” тайпасында бүгүн, 22-июнда Орусия менен Бельгия кез келет. Бул оюн тайпадан кимдин биринчи болуп чыгарын аныктоого тийиш. Андан тышкары бүгүн ушул эле тайпада Түштүк Корея менен Алжир курамалары беттешет. Чечүүчү беттештердин бири катары “G” тайпасындагы АКШ менен Португалиянын оюнун айтсак болот. Бул оюнда утулса, Криштиану Роналду баштаган “Европадагы бразилиялыктар” мелдештен четтеп калышат.
“H” тайпасы. 2-тур
БЕЛЬГИЯ – ОРУСИЯ
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты менен)
Стадион: Рио-де-Жанейро шаары, “Маракана” стадиону
Калыс: Феликс Брых (Германия)
ТҮШТҮК КОРЕЯ - АЛЖИР
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Порту-Алегри шаары, “Бейра-Рио” стадиону
Калыс: Вильмар Рольдан (Колумбия)
“G” тайпасы. 2- тур.
АКШ - ПОРТУГАЛИЯ
Башталышы: 04:00 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Манаус шаары, “Амазония” стадиону
Калыс: Нестор Питана (Аргентина)