Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда Орусиянын иши анча жүрүшпөй жатат. Бүгүн, 22-июндан 23-июнга караган түнү “H” тайпасында Орусия тайпа лидери Бельгияга каршы ойноп, 1:0 эсебинде утулуп калды. Эми орусиялыктардын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү Түштүк Корея менен Алжирдин оюнунун жыйынтыгына жараша болот. Бельгия болсо карамагындагы 6 упай менен тайпадан биринчи болуп чыкты (3-тур оюндарынын жыйынтыгына карабай).
Бельгия менен Орусиянын оюну кызыктуу болду. Орусия оюнду коргонуудан баштап, кези келгенде каршы чабуулга өтүп жатты. Ал эми Бельгия көбүнчө топко ээлик кылып, атаандаштарынын коргонуусунан жылчык табууга аракет кылып жатты. Оюн эсеби 88-мүнөттө ачылды. Командалар көп мүмкүнчүлүк табышканы менен, эрте гол жаралган жок.
Гол: Ориги (88-мүнөттө)