22-июндан 23-июнга караган түнү “G” жана “H” тайпаларында 2-тур оюндары болуп өттү. Бул күнкү оюндардын жыйынтыгы менен Португалия жана Орусия курамаларынын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү артты.
“G” тайпасы. 2-тур.
АКШ - ПОРТУГАЛИЯ - 2:2
Голдор: Нани (5-мүнөттө). Жонс (64-мүнөттө), Демпси (81-мүнөттө), Варела (90+5).
1-таймда португалиялыктар оюнду жакшы баштап, бешинчи мүнөттө оюн эсебин ачышты. Эрте киргизилген голдун арты менен Португалияга атаандашы бир топ басым кылды. 2-таймда АКШнын оюнчулары дароо 2 гол киргизип, эсепте алдыга чыгышты. 1-турда уттуруп жиберген Португалияны бул жолу жеңилүү ызасынан акыркы мүнөттөрдө Варела гол киргизип алып калды. Бул гол Португалияга мындан ары күрөшүү мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Бул тайпада АКШ менен Германия карамактарында төрттөн упайга ээлик кылып турушат жана 3-турда өз ара кез келишет. Ал эми бирден упайы бар Португалия менен Гананын жеңгени гол айырмачылыктарына карап тайпадан чыгышы мүмкүн.
“H” тайпасы. 2-тур
ТҮШТҮК КОРЕЯ - АЛЖИР - 2:4
Голдор: Слимани (26-мүнөттө), Аллиш (28-мүнөттө), Жабу (38-мүнөттө), Сон Хын Мин (50-мүнөттө), Браими (62-мүнөттө). Ку Жа Чхоль (72-мүнөттө).
Орусия курама командасы кечээ, 22-июнда 2-турда Бельгияга утулуп калды. Алардын тайпадан чыгууга болгон үмүтү али жоголо элек жана Түштүк Корея-Алжир беттешинде алар күткөн жыйынтык катталды. Эми 3-турда Орусия Алжирге каршы ойноп, тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн текшерет. Ал эми Түштүк Кореянын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү Бельгия менен болгон оюнда чечилет.