Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында спортзалдын ачылуу салтанаты өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана облустук, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жеке ишкерлер, билим берүү жана маданият кызматкерлери катышышты.
Анда Жеңиш Разаков куттуктоо сөз сүйлөп, элди сабырдуулукка, ынтымактуулукка жана биримдикке чакырды.
Ошону менен катар спортзалда волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл аймактарынын жана аскер бөлүктөрүнүн курама командалары катышып, мелдеш өткөрүлдү.
Ошондой эле маданият кызматкерлеринин демилгеси менен элге чоң концерттик программа тартууланды.