Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Бензема, Мюллер, Роббен жана башкалардан турган бомбардирлердин тизмеси

Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 2-тур оюндары жыйынтыкталды. Эки оюнда башкалардан көп гол киргизип, бомбардирлер тизмесинин алдына чыккан оюнчуларды назарыңыздарга коёбуз. Бул биринчиликте көбүнчө ачык футбол ойнолуп жаткандыктан, 2010-жылдагыга салыштырмалуу көп гол кирүүдө.     

3 гол киргизген оюнчулар:

Карим Бензема (Франция), Эннер Валенсия (Эквадор), Робин ван Перси (Голландия), Томас Мюллер (Германия), Арьен Роббен (Голландия).  

2 гол киргизген оюнчулар:

Андре Айю (Гана), Клинт Демпси (АКШ), Жервиньо (Кот-д'Ивуар), Тим Кэхилл (Австралия), Марио Манжукич (Хорватия), Лионель Месси (Аргентина), Неймар (Бразилия), Луис Суарес (Уругвай), Хамес Родригес (Колумбия).   

Кошумчалай кетсек, 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Томас Мюллер (Германия), Уэсли Снейдер (Голландия), Давид Вилья (Испания) жана Диего Форлан (Уругвай) бештен гол киргизип, бомбардир аталышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан