Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычы 27-июнь түнү жыйынтыкталат. Ал эми ыйык Орозо айы 28-июнга туш келет. Мелдештин чечүүчү баскычка келгенине карабай айрым мусулман футболчулар орозо тутууга ниеттенишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалым болгондой, Кот-Д`Ивуар курамасынын коргоочусу Коло Туре баштаган футболчуларда ниет бар экени белгилүү болду. “Мен үчүн орозонун алгачкы 5 күнү гана кыйын. Андан кийин организм көнүп кетет” деп билдирген К.Туре.
Кошумчалай кетсек, Орозо айы менен Мундиаль акыркы жолу 1986-жылы дал келген. Анда да орозо туткан футболчулар болгон. Учурда аалам биринчилигине катышып жаткан оюнчулардан Месут Озил (Германияны оюнчусу), Карим Бензема, Бакари Санья (Франциянын оюнчулары), Яя жана Коло Турелер (Кот-д’Ивуар), Маруан Феллаини, Мусса Дембеленин (Бельгия) ислам дининин талаптарын так аткарып жүргөнү айтылып келет.