Дүйнөлүк биринчиликти өз үйүндө кабыл алып жаткан Бразилия “А” тайпасында 1-орунду ээлеп чыкса, “В” тайпасында 2-орунду алган Голландия же Чили менен (бүгүн чечилет) кез келет. Алдыда чечүүчү 3-тур оюндары калганына карабай кийинки баскычта кезигип калышы мүмкүн болгон Бразилия менен Голландиянын машыктыруучулары ММКлар аркылуу тирешип жатышат. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, майданга чейинки айтыш төмөнкүдөй мааниде болду:
Луи ван Гаал, Голландиянын башкы машыктыруучусу: “А” тайпасындагы Бразилия менен Камерун “В” тайпасындагы Голландиянын оюну бүткөндөн кийин башталат. Биз Чилини утуп, тайпадан биринчи болуп чыкканга аракет кылабыз. Бразилиялыктар кийинки баскычта Голландия менен туш келбөө үчүн биздин оюндун жыйынтыгына карап, Камерун менен ошого жараша ойношу мүмкүн”.
Луис Филиппе Сколари, Бразилиянын башкы машыктыруучусу: "Бразилия тайпадан биринчи болуп чыгууга аракет кылат. Биз атаандаш тандабайбыз. Биз үчүн Голландия менен Чилинин айырмасы жок. Мен буга чейин эле Чилинин курамы күчтүү экенин айтып келгем".