Жалал-Абадда алыш күрөшү боюнча өтмө кубокко арналган мелдеш өттү

Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарынын эс алуу багында 21-июнь күнү улуттук алыш күрөшү боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өтмө кубогуна арналган мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага Жалал-Абад облусунун 12 шаар жана райондорунан, ошондой эле Бишкек, Талас, Баткен шаарларынан, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунан катышуучулар келген. Жалпысынан 100дөн ашык спортчу катышты. 
Айта кетсек, алыш күрөшүн өткөрүү облус жетекчиси Жусупжан Жээнбеков тарабынан Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата демилгеленген.
Мелдеш Жалал-Абад шаарында биринчи өткөрүлүп, андан кийин Базар-Коргон, Ноокен райондорунда, Майлы-Суу шаарында өтүп, Орозо айы өткөндөн кийин Тогуз-Торо районунда өткөрүү боюнча өтмө кубок акимге тапшырылды.
Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылып, концерттик программа менен коштолду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан