“Жалал-Абад электр” ишканасы мамлекетке 49 миллион сомдон ашык зыян алып келген. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган ишкананын кызматкерлери калктын электр энергиясын колдонуудагы эрежелердин бузулушу боюнча жасалма акт түзүшкөн. Анын кесепетинен 70 миллион киловатт-саат электр энергиясы ашыкча керектелген. Мындан улам мамлекет 49 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.