Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун “А” тайпасында кийинки баскычка чыккан дагы 2 команда аныкталды. Алар буга чейин белгилүү болгон Бразилия менен маанилүү беттеш өткөргөн Мексика болду. Эми мелдештин плей-офф баскычында Бразилия “В” тайпасынан экинчи болуп чыккан Чили менен кез келсе, Мексика учурда мыкты оюн көрсөтүп жаткан Голландияга каршы ойнойт. Бразилия чейрек финалга чыгуу үчүн оюнун 28-июнда өткөрсө, Голландия-Мексика оюну 29-июнга туураланган.
“А” тайпасы. 3-тур
КАМЕРУН-БРАЗИЛИЯ – 1:4
Голдор: Неймар (17-мүнөттө), Жоэль Матип (26-мүнөттө), Неймар (35-мүнөттө), Фред (49-мүнөттө), Фернандиньо (84-мүнөттө).
Бразилия тайпадан биринчи болуп чыгуу үчүн Камерунду утууга тийиш болчу. Үй ээлери бул жолу токтотулгус күчкө айланып, атаандаштардын дарбазасын 4 ирет “алууга” үлгүрдү. 2 гол киргизген лидер Неймар мелдештердеги голдорунун санын төрткө жеткирип, бомбардирлер тизмесинде алдынкы сапка чыкты. Ал эми тайпалык баскычта 3 оюнун тең уттуруп жиберген Камерун мелдештен четтеп калган биринчи африкалык команда болду.
ХОРВАТИЯ-МЕКСИКА – 1:3
Голдор: Рафаэль Маркес (72-мүнөттө), Андрес Гуардадо (75-мүнөттө), Хавьер Эрнандес (82-мүнөттө), Иван Перишич (87-мүнөттө).
Бул беттеш негизи Хорватияга керек болчу. Тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болгон Мексика болсо тең чыгууга ыраазы эле. Мексика ошону эске алып, оюндун басымдуу бөлүгүн коргонууда өткөрдү. Ал эми үстү-үстүнө чабуул уюштурган хорваттар 72-мүнөттө өз дарбазасына гол киргиздирип жиберишти. Анын артынан мексикалыктар катары менен 2 гол киргизишти. Андан кийин гана Хорватиянын уюштуруусундагы "драма" башталды. Алар көңүл жубатуучу топ киргизишти да, бир оюнчусунан айрылышты. Анте Ребич калыс тарабынан кызыл айып кагазына ээ болуп, майдандан четтетилди. Ошентип, финалга тете оюнду Мексика өз тайпасында өткөрүп, эми “В” тайпасынын лидери Голландия менен ойномой болду.