Караколдо диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы эки адамдын үйү текшерүүгө алынган. Анда экстремизмдин идеясын камтыган дисктер, баракчалар, күндөлүк, дептер табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.