Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу – ТОП-Лиганын кезектеги оюндарынын алкагында бүгүн, 24-июнда Ошто 2 беттеш орун алат. Ош шаарында жергиликтүү “Алай” клубу нарындык “Ала-Тоо” клубун кабыл алса, куршабдык “Алдиер” өз үйүндө таластык “Манас” менен беттешет. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Оюндар:
“Алай” (Ош) – “Ала-Тоо” (Нарын)
Башталышы: 18:30
Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев атындагы стадион
“Алдиер” (Куршаб) – “Манас” (Талас)
Башталышы: 18:30
Стадион: Куршаб айылы, борбордук стадион