Кыргыз Республикасынын Аскер соту Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманакун Матеновду актады

Кыргыз Республикасынын Аскер соту Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Курманакун Матеновду актады. Бул тууралуу анын адвокаты Искендер Журабаев бүгүн, 24-июнда билдирди.

Мындай чечим бүгүн сот отурумунда кабыл алынып, биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөрүүсүз калтырылды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек гарнизонунун Аскер соту Курманакун Матеновду актаган. Бирок Аскер прокуратурасы ага макул болбой, жогорку инстанциядагы сотко кайрылган.  

Айта кетсек, К.Матеновго карата "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып, ал "жасалма документтер менен пенсиясына кошумча акча каражат кошуп алган" деп айыпталган. Мындан улам ал кызматынан убактылуу бошотулган. Ал эми 22-февраль күнү кызматтан алынган. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sharos
2014-06-24 19:37:04
Ушул киши чек ара кызматында жакшы иштеген болчу деген создорду коп укчу болдум.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан