Жолдош Исаков, баяндамачы: “Уругвай өзү күчтүү болгону үчүн эмес, Италия алсыз болгону үчүн жеңишке жетишти”

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда “D” тайпасында 3-тур оюндары жыйынтыкталып, тайпадан чыгуу үчүн болгон күрөш аяктады. Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугун алып берип жаткан Кыргызстандагы жалгыз канал НТСтин баяндамачысы, тайпадагы чечүүчү беттеш Уругвай менен Италиянын оюнунда баяндамачылык кылган Жолдош Исаков оюндан кийин SUPER.KG менен маек курду. Маегинде ал ошол оюн, жалпы мелдеш жана оюнда атаандашын тиштеген уругвайлык Луис Суарестин кылыгы тууралуу ой бөлүштү.

- Жолдош мырза, жалпысынан оюн кандай болду?

- Оюн мен күткөндөй болгон жок. Италия курамасы көпчүлүктү ирээнжитти деп ойлойм. Анткени бул оюнда Уругвай күчтүү болгону үчүн эмес, Италия алсыз ойногону үчүн жеңилди. Италиялыктардын жеңишке болгон каалоосу жок болду. Андан тышкары башкы машыктыруучу Чезаре Пранделлинин тактикалык пландары такыр ишке ашкан жок. Ал эми Уругвай жеңиш үчүн баарын кылды.

- Уругвай жеңиш үчүн баарын кылганына кошулам. Атүгүл Луис Суарес Италиянын коргоочусун тиштеп жибергенге үлгүрдү...

- Ооба, Суарестин кылыгын мен команданын ишин баалабагандык деп түшүнөм. Себеби команда кийинки баскычка чыкты. Анын бул кылыгын ФИФАнын тартип боюнча комиссиясы карап чыгып, кийинки оюндарда ойнотпой коюушу мүмкүн. Негизи, Суарес ал жерде эмнеге атаандашын тиштегенин өзү түшүндүрө албаса керек. Ал утулганды жек көрөт. Ошол себептүү жеңиштен үмүтү үзүлүп баратканда чыдай албай, кармана албай ошондойго барды. Ал өткөн сезондо англиялык “Ливерпулдун” курамында да атаандашын тиштеп, 10 оюнга майдандан четтетилген. ФИФА карап чыгып, мурунку катаны кайталаганы үчүн андан да күчтүү жаза бериши мүмкүн.

- Сиздин оюңузча, калыстын Италиянын оюнчусун беттештен четтеткени таасирин тийгиздиби?

- Ооба, чоң таасирин тийгизди. Оюнчу 59-мүнөттө майдандан четтетилди. Италиялыктар 30 мүнөт 10 киши болуп ойношту. Калыс өз укугунан пайдаланды. Бирок бир катар сындардын айтыла турганы жашыруун эмес. Ал шашып чечим чыгаргандай болуп калды.

- Учурда европалык командалар биринин артынан бири мелдештен четтеп жатат. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

- Мен ойлойм, бул көрүнүш европалыктардын башка командаларды тоготпогонунан улам келип чыгууда. Европалыктардын пикири боюнча, негизги оюн жарым чейрек финалдан башталат. Алар тайпалык баскычка ошол себептүү тиешелүү көңүл бурушкан жок. Андан тышкары климат менен машыктыруучулардын таасири жана оюнчулардын жеңишке болгон умтулуусу да роль ойноп жатат.

- Баяндамачы бейтарап болушу керектигин билебиз. Сиз кимге күйөрмандык кылып жатасыз?

- Өзүмдө футбол адиси катары өсүш болуп жатабы билбейм, мен кайсы бир командага күйөрмандык кыла алган жокмун. Баяндап жатканда автоматтык түрдө утулуп жаткан командага жан тартып, күйүп жатам. Негизи, кезинде мен Германиянын күйөрманы болчумун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayakosya
2014-06-25 11:32:18
Андай эмес Уругвай деле кучтуу команда го!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан