Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан "террордук кылмыштуулукка катышы бар" деген шек менен 1989-жылы 14-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн, Чүй облусунун Лебединовка айылынын жашоочусу Телебалдиев Аманжан аттуу жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда УМККнын басма сөз кызматы билдирди. Аталган жаран тууралуу кандайдыр бил маалымат билген адамдарды УМКК (0312) 62-65-04, 66-04-75 байланыш телефонуна же «102» кызматына билдирип коюуну өтүнөт УМКК. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.