Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: “D” тайпасында Англия менен Италия тайпадан чыкпай калды

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун 3-тур оюндарынын алкагында “D” тайпасында 24-июндан 25-июнга караган түнү 2 оюн орун алды. Бул оюндарда да европалык командалардын мелдештен "учуп кетүү" салты бузулган жок. Англия акыркы оюнунда Коста-Рика менен тең ойноп, жалгыз упайы менен мелдештен "учуп кетти". Ал эми негизги кармаш Уругвай менен Италиянын ортосунда болду. Эки команда тең коргонууга багытталган оюн алып барышты. Оюндун жүрүшүн калыстын чечими бузду десек болот. Анткени ал экинчи тайм ортолоп калган маалда Италиянын жарым коргоочусу Клаудио Маркизиону орой ойногондугу үчүн майдандан четтетти. Оюндун калган бөлүгүн 10 оюнчуга каршы ойногон уругвайлыктар бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, гол киргизишти. Эгерде эле тең чыгуу катталганда киргизген жана өткөргөн голдордун эсебинен Италия кийинки баскычка чыгып кетмек.

Ошентип, Европанын эки өкүлү жана Түштүк Американын эки өкүлү жайгашкан бул тайпада түштүк америкалыктар жеңишке жетишип, кийинки баскычка чыгып кетишти.

ИТАЛИЯ – УРУГВАЙ – 0:1

Голдор: Годин (81-мүнөттө)

КОСТА-РИКА – АНГЛИЯ

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
strong01
2014-06-25 00:46:25
daaa... sudyalar amerika materigine ele tartyp balee boldugo. harvatiya m.n italiyaga jalka boldugo.
+1
jigit.paren
2014-06-25 09:00:24
ооба туура айтасын туштук америкалыктарга аябай жан тартып жатат, мисалы ийнинен тиштеп алган Суареске да кызыл айып бериш керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан