Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү айымды колго түшүрүштү

Милицияга Кайыңды айылынын 42 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Бул тууралуу 2-ноябрда Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. 2012-жылдын 21-октябрында болжол менен саат 16:00дө “Ак-Жол” бажы постунда Оксана жана Кенжегүл аттуу кыздар анын ишенимине кирип, 83 600 сомдук товарын алдап алып, из жашырып кетишкен. Чүй ОИИБинин кылмыш иликтөө башкармалыгын кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБинин аймактык инспекторлору тарабынан шектүүлөрдүн бири, Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну У.О. колго түшүрүлгөн. Далил буюмдар алынган. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан