Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Европалык командалардан Греция кийинки баскычка чыкты

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда күтүлбөгөн жыйынтыктардын катталуусу уланууда. Түштүк Америка, Европа, Азия, Африка континенттеринен бирден команда жайгашкан "С" тайпасында күрөш акыркы турга чейин жүрүп, акыры Греция менен Колумбия кийинки баскычка чыкты. Европалык “гранддар” "учуп кетип", Грециянын тайпадан чыгып кетери сенсациялардын катарын толуктады. Колумбия бул тайпадан 1-орунду ээлеп чыгууну эбак камсыздаган. Ал эми 2-тур оюндарынын жыйынтыгында африкалыктардын карамагында 3 упай, Греция менен Япониянын карамагында бирден упай бар болчу. Мындайча айтканда, Кот-Д'Ивуар тайпадан чыгуу үчүн эч болбосо тең эсепте ойноого тийиш эле.

Колумбия мелдештин кийинки баскычында "D" тайпасынан экинчи орунду ээлеп чыккан Уругвай менен, Греция болсо Коста-Рика менен кез келет. 

“С” тайпасы. 3-турдун жыйынтыктары:  

ГРЕЦИЯ-КОТ-Д'ИВУАР – 2:1

Голдор: Георгиос Самарас (42-мүнөттө), Вилфрид Бони (74-мүнөттө), Георгиос Самарас (90+2, пенальтиден).  

 

ЯПОНИЯ - КОЛУМБИЯ - 1:4

Голдор: Куадрадо (17-мүнөттө, пенальтиден), Окадзаки (45-мүнөттө), Жексон Мартинес (55-мүнөттө), Жексон Мартинес (82-мүнөттө), Хамес Родригес (90-мүнөттө).

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан