Кечээ, 24-июнда Ошто футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу – ТОП-Лиганын кезектеги оюндарынын алкагында 2 оюн орун алды. Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо “Алай” клубу нарындык “Ала-Тоону” кабыл алып, ири эсепте жеңишке жетишти. Ал эми Куршабда өткөн беттеште “Алдиер” клубу таластык “Манастын” дарбазасына 5 гол киргизе алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Оюндардын жыйынтыгы:
“Алай” (Ош) – “Ала-Тоо” (Нарын) – 4:0
“Алдиер” (Куршаб) – “Манас” (Талас) – 5:0