Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу: Италиянын башкы машыктыруучусу кызматтан кетерин билдирди

24-июндан 25-июнга караган түнү Италия курама командасы Уругвайга 1:0 эсебинде утулуп, кийинки баскычка чыга албай калды. Бул жеңилүү үчүн башкы машыктыруучу Чезаре Пранделли жоопкерчиликти моюнуна алып, кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт. Арызы качан каралары белгисиз.

Кошумчалай кетсек, бул кызматка 2010-жылы бекитилген Пранделли Италия курамасы менен “Евро-2012де” 2-орунду, 2013-жылы Конфедерация Кубогунда 3-орунду ээлеген.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayakosya
2014-06-25 10:48:40
Кетпей деле койсо болмок Испания Португалияга караганда жакшы ойношту италяндар озгочо чуулгандуу баллотелли жакшы оюн коргозду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан